Казакстанда кармалган кыргызстандык белгилүү музыкант экени аныкталды
RU

Казакстанда кармалган кыргызстандык белгилүү музыкант экени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам "белгисиз адамдар" аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду. IT-тармагы боюнча адис Азиз Абакиров "Азаттыкка" муну ырастап, казак полициясынын ал жумушсуз деген маалыматын четке какты.

"Викрам Рузахунов дүйнөлүк фестивалдардын лауреаты, аны аймактагы өнөр адамдарынын көбү тааныйт. Видеодо айтылгандай жумушсуз эмес. Ал өнөр адамы, Кыргызстанда башаламандык болгондо да андай жерлерге барчу эмес, биз аны тааныйбыз. Ал Казакстанда да концерт берип, барып-келип иштеп турчу".

Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги башаламандыкка катышы бар деп кармалган адам боюнча Казакстандын тиешелүү органдары менен териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги такталып жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга чейин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 100 миңге жакын жараны Казакстанда эмгек миграциясында жүрөт. Башка маалыматтарга таянсак, бул көрсөткүч бир нече эсе көп. Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан, Алматы жана өлкөнүн түштүгүндөгү Чымкент шаарында жашап-иштейт.

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларга байланыштуу беш миңден ашуун адам кармалганын, арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин кабарлаган. Кайсы өлкө жарандары экени так айтылган эмес. (BCh)

Булак: Азаттык үналгысы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5091