Бишкектеги Казакстандын элчилигинин жанында митинг өтүүдө. Ал жакка Камчыбек Ташиев келген
RU

Бишкектеги Казакстандын элчилигинин жанында митинг өтүүдө. Ал жакка Камчыбек Ташиев келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коңшу өлкөнүн бийликтери кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду Алматыдагы митингдин катышуучусу катары өткөрүп берүүгө аракет кылып жаткандыктан Бишкектеги Казакстандын элчилигинин жанында тынчтык митинги өтүүдө.

Митинг саат 15:00дө башталып, катышуучулардын саны 40-50 адам болду.

Бир аздан кийин митингге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да келип, кыргыз бийлиги кырдаалды тактоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын ишендирди.

"Азыр Тышкы иштер министрлиги тарабынан окуянын бардык жагдайлары такталууда. Кыргызстандын мамлекеттик органдары Викрам Рузахуновду бошотуу үчүн бардык мыйзамдуу жолдорду колдонууда. Ал террорист эмес", - деди Камчыбек Ташиев.

Ташиев Казакстандын элчилигине нааразылык билдирсү жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5093