Викрам Рузахуновдун бошотулганы белгилүү болду. Туугандарына жолугат
RU

Викрам Рузахуновдун бошотулганы белгилүү болду. Туугандарына жолугат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз музыканты Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар ​​билдирди.

Учурда аны Бишкекке жеткирүү иштери жүрүп жатканы айтылууда. Бирок, жакындары муну тастыкташкан жок. Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты жакын арада тактап берүүнү убадалады.

Кийинчерээк кайрадан, Рузахуновдун бошотулганын жакындары да тастыкташкан. Алар музыкантты тосуп алуу үчүн Казакстандын чек арасына жөнөшкөн.

Эскерте кетсек, казак басылмалары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан видеону тараткан. Кармалган жаран Алматыга гастролго көп барган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов экени маалым болгон. Анын айтымында, ага "белгисиз адамдар" митингге катышуу үчүн 200 доллар сунушташкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нааразычылык билдирүүсүн жөнөттү. Андан соң Казакстандын укук коргоо органдары видеодогу адам Викрам Рузахунов эмес, 1990-жылы туулган, теги кыргызстандык Закир Убуров экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5095