Путин Майдан технологиялары Казакстанда колдонулган деп эсептейт
RU

Путин Майдан технологиялары Казакстанда колдонулган деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда ЖККУнун онлайн жыйынында Россия президенти Владимир Путин Майдан технологиялары Казакстанда колдонулган деп эсептерин айтты.

"Газ рыногундагы кырдаалды жактаган адамдардын максаты башка, ал эми колуна курал алып мамлекетке кол салгандар такыр башка, максаттары да башка адамдар. Алар жакшы уюшулган жана жакшы көзөмөлдөнгөн согушкерлерди, анын ичинде чет өлкөдөгү террористтик лагерлерде машыккандарды колдонушкан", - деди Путин.

Президент ошондой эле ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн катышуусу өз убагында жана мыйзамдуу экенин, тынчтык орнотуучу күчтөрү өлкөдө зарылчылыкка жараша колдонууларын белгиледи. Путин Казакстандагы окуялар сырттан кийлигишүүнүн биринчи жана акыркы аракети эмес экенин баса белгилеп, "ЖККУ тарабынан көрүлгөн чаралар биз өз үйүбүздө кырдаалды солкулдатууга жол бербей турганыбызды көрсөттү",-деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5099