Садыр Жапаровдун ордуна Акылбек Жапаров ЖККУнун Казакстан боюнча сессиясына катышууда
RU

Садыр Жапаровдун ордуна Акылбек Жапаров ЖККУнун Казакстан боюнча сессиясына катышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 10-январда онлайн режиминде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышууда. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, жыйынга президент Садыр Жапаровдун атынан министрлер кабинетинин башчысы катышат.

Сессияда Казакстандагы кырдаал жана аны нормалдаштыруу чаралары талкууланат, деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 10-январдан баштап кыска мөөнөттүү эс алууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5100