Казакстандагы тополоңдо кыргызстандык каза болду
RU

Казакстандагы тополоңдо кыргызстандык каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы тополоңдо кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеевге шилтеме берүү менен "Азаттык" билдирди.

Маалым болгондой, маркум Алматыда фитнес-тренер болуп иштеген. Ал 6-январь күнү үйүнө келе жатып атып өлтүрүлгөн.

Айрым маалыматтар боюнча, саат 22.30да кафенин жанында Азиз Мусаев жарадар болгон абышкага жардам берип жаткан жана ошол маалда ага ок тийген. Анын жанынан өтүп бара жаткан дагы бир адам жаракат алган.

Азыр маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралууда.

Тышкы иштер министрлиги расмий маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5101