Викрам Рузахунов Кыргызстанга алынып келинди (видео)
RU

Викрам Рузахунов Кыргызстанга алынып келинди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Кыргызстанга алынып келинди. Артистти Тышкы иштер министрлигинин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп жүрүштү.

Джазмен кыргыз-казак чек арасынан өтүп, аны жакындары, массалык маалымат каражаттары жана ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тосуп алды.

Эскерте кетсек, казак басылмалары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан видеону тараткан. Кармалган жаран Алматыга гастролго көп барган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахунов экени маалым болгон. Анын айтымында, ага "белгисиз адамдар" митингге катышуу үчүн 200 доллар сунушташкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нааразычылык билдирүүсүн жөнөттү. Андан соң Казакстандын укук коргоо органдары видеодогу адам Викрам Рузахунов эмес, 1990-жылы туулган, теги кыргызстандык Закир Убуров экенин билдирген. Бирок, кийинчерээк белгилүү болгондой, видеодогу Рузахунов өзү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5106