Акылбек Жапаров Сокулук районунун акимине сөгүш жарыялап, орун басарын кызматтан алды
RU

Акылбек Жапаров Сокулук районунун акимине сөгүш жарыялап, орун басарын кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Райондун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды.

Бул чечимдин себептери айтылган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5110