Былтыр Тажикстанда кармалган кыргызстандык мекенине кайтарылды
RU

Былтыр Тажикстанда кармалган кыргызстандык мекенине кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 10-январда былтыр ноябрда Тажикстанда кармалган кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-ноябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Борбордук унаа жолунун тилкесинде Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Кыргызстандын жараны 1992-жылы туулган Р.Исмаиловду кармашкан.

Маалым болгондой, кармалган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек ара өкүлдөрүнүн аракетинин аркасында "Кулунду-Автодорожный" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кайтып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5113