Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык кайтып келди
RU

Алматыдан 150дөн ашык кыргызстандык кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-январда Алматыдан 150дөн ашуун кыргызстандык кайтып келди.

Аларды эвакуациялоого Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу тартылды. Бүгүн мекенине кайтууну каалагандардын баары Башкы консулдуктун имаратына чогулуп, бир нече автобустар менен Бишкекке жөнөшкөн. Түшкү тамактан кийин алар Кыргызстанга келишти.

Башкы консул Назарали Арипов белгилегендей, мындай каттамдар дагы бир нече күн уланат.

Кошумчалай кетсек, казак бийлиги Кыргызстандын буга чейин кармалган жараны Закир Юбуровду камактан чыгарары белгилүү болду. Ошондой эле дагы үч кыргызстандык Адан Хуровду, Абду Рахим Жишанлоду жана Ильяс Мачону бошотуу боюнча келишим түзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5116