Кыргыз аскерлеринин Казакстандан чыгарыла турчу күнү айтылды
RU

Кыргыз аскерлеринин Казакстандан чыгарыла турчу күнү айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖККУнун контингентиндеги кыргызстандык жоокерлер 14-январда Казакстандан мекенине кайтып келишет. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аскерлер өз унаалары менен "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна келип, Токмоктогу туруктуу жайгаштырылган жерге жөнөшөт.

Эске салсак, ЖККУ 6-январда президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга өз аскерлеринин контингентин жөнөткөн.

Кыргызстандан Казакстанга жалпысынан 25-Скорпион атайын багыттагы бригадасынан 150 аскер кызматкери, сегиз бронетехника жана 11 аскердик техника жөнөтүлгөн.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, ЖККУнун контингентинин курамында элиталык бөлүктөр - Аба-десант күчтөрүнүн 45-өзүнчө атайын багыттагы бригадасы, 98-аба-десант дивизиясы жана 31-десанттык-шабуу бригадасы Казакстанга жөнөтүлгөн.

Армениянын Коргоо министрлиги Казакстанга 100 аскерден турган тынчтык күчтөрү жөнөтүлгөнүн жарыялады. Ведомство Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүгү стратегиялык объектилерди гана коргоону ишке ашыраарын билдирген. Беларус Казакстанга 103-аба-десанттык Витебск атайын күчтөрүнүн бригадасынын тынчтык орнотуучу ротасын жөнөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5138