Жогорку Кеңеш президенттин инаугурациясына байланыштуу жыйынын башка күнгө жылдырды
RU

Жогорку Кеңеш президенттин инаугурациясына байланыштуу жыйынын башка күнгө жылдырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтпөйт. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда, парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына байланыштуу.

Бүгүнкү жыйында көбүрөөк маселелерди талкуулап, вице-спикерди шайлап, мыйзам долбоорлорго добуш берүү үчүн, кесиптештерин талкууланып жаткан долбоор боюнча суроо берүүгө жазылбай турууну суранды.

Андан тышкары, депутаттар салттуу түрдө боло турган саат 11:00догу тыныгууга да чыгышкан жок.

28-январда Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Эске салсак, ал 2021-жылдын 10-январында, мөөнөтүнөн эрте өткөн президенттик шайлоодо 79,2% добуш чогултуп, шайлоону жеңип чыккан. Жалпысынан шайлоого калктын 39,75% катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/513