Казакстандагы окуялар. Коом жооп таба албай жаткан суроолор
RU

Казакстандагы окуялар. Коом жооп таба албай жаткан суроолор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда абал турукташып баратат. Бирок, көп суроолорго жооп жок.

Казакстандыктар дагы эле бүдөмүк бойдон калган башка суроолорго жооп күтүп жатышат.

Канча адам каза болуп, жарадар болду?

Нааразычылык акциясында канча адам каза болгону азырынча белгисиз. 9-январда Казакстандын Маалымат министрлигинин Telegram-каналы кагылышуу маалында 164 адам каза болгонун, анын ичинен 103ү Алматыда болгонун жазган. Бирок, бул пост андан бери жок болуп кетти. Казакстандан келген маалыматка караганда, каза болгондордун саны расмий маалыматтардан алда канча көп болушу мүмкүн.

Ушул күнгө чейин Казакстанда эки кыргызстандык каза болгону белгилүү болду.

Мындан тышкары Токаевдин айтымында, 16 укук коргоо кызматкери набыт болуп, 1300дөн ашууну жарадар болгон.

Канча адам дайынсыз?

Казнетте жаңы эле дүкөнгө же бизнесине барган күйөөлөр же ага-инилер жоголуп кеткени тууралуу посттор көбөйүүдө. Бирөөсү Каскелендеги өлүкканадан табылган.

"Эл арасында полиция менен УКМК кокусунан өтүп бара жаткан эркектерди кармап алып, жөн эле 20 миң киши деген цифраны бүтүрөт деген версия мурунтан эле бар. Муну Токаев айтып, Алматыга ушунча террорист кирди деп айтты", - деп жазат казактар. .

Укук коргоо органдары эмнени жашырып жатышат?

Укук коргоо органдарынын кызыктай реакциясынын эң үрөй учурган мисалы 12 жаштагы баланын өлүмү болду.

Анын жакындары окуя 5-январь күнү саат 20:30да болгонун айтышкан. Ал апасы, таежеси жана байкеси менен дүкөнгө чыккан. Дүкөндүн жанында турушкан, анткени товарлар терезе аркылуу сатылып жаткан. Асманда ок атыла баштаганда бала аны видеого тарта баштаган. Камераны өчүрүп, артка бурулаар замат анын башына ок тийген. Туугандары эптеп ооруканага жеткирип, дарыгерлер октун жараатын тастыкташкан.

"Бирок,түнү антип айтканы менен эртеси күнү эртең менен башында ок жок деп коюшту. Алар Укук коргоо органдарына дооматыбыз жок деп тил кат жазмайынча сөөктү бергиси келген жок", - дейт туугандары.

Журналисттер эмне үчүн камалып жатат?

Учурда республика боюнча журналисттерди суракка, камакка алып, эмне үчүн митингге чыктыңар деп сурап жатышат (жооп ачык эле көрүнүп турат –алардын жумушу ушундай).

Кошумчалай кетсек, 4-январда борбор калаадагы нааразылык акциясын чагылдырган журналист Махамбет Абжан да дайынсыз жоголду. Туугандары аны бир жумадан бери таба албай жатышат. Бул тууралуу анын жубайы "Азаттыкка" билдирди. Абжан социалдык тармактарга 5-январга караган түнү анын үйүнө милиция кызматкерлери келгенин, ал эшикти ачпай койгонун, андан кийин электр жарыгы жана интернети өчүрүлгөнүн билдирген. 5-январда ал жерге "Азаттыктын" кабарчылары келип, анын батиринин жанында жарандык кийимчен үч полиция кызматкерин көрүшкөн. Андан кийин 6-январь күнү түштөн кийин журналист үйдөн чыгып кеткен. Ошондон бери аны менен байланыш жок болуп, кармалганы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5141