Министрлик: коронавирус менен көбүнчө жаштар ооруп жатат
RU

Министрлик: коронавирус менен көбүнчө жаштар ооруп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акматова көпчүлүк ооруну жаңы жылга даярдануу учурунда ири соода борборлорун, базарларды кыдырып, кафе, ресторандарга барып, көп конок тосуп, мейманга барып жатып жуктурганын белгилеген.

Коронавирус жуктургандар негизинен 18 жаштан 39 жашка чейинки калктын эмгекке жарамдуу бөлүгү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдиргенин Sputnik кабарлады.

Адис бул курактагы адамдардын көбү эл топтошкон жерлерге активдүү барарын айтып, ооругандар да муну өздөрү ырасташканын белгилеген.

"Белгилүү бир инкубациялык мезгилден кийин коомдук жайларга баруу ооруну көбөйтөт. Эпидемиологиялык изилдөөлөргө ылайык, жаңы жылга даярдануу учурунда көптөгөн бейтаптар ири соода борборлоруна, базарларга, кафе, ресторандарга барып, көп конок тосуп, өздөрү да мейманга барышкан. Инкубациялык мезгил 25-декабрдан 31-декабрга чейин уланган. Биринчи төрт күндө ооругандар үйлөрүндө болуп жаңы жылды белгилеп, өздөрүнөн оорунун белгилерин байкашкан эмес. Оору өтүшүп, белгилер күчөгөндөн кийин медициналык жардам сурап кайрыла башташкан. Мониторинг бейтаптар медициналык мекемелерге ооругандан кийин 5-10 күнгө кеч кайрылганын көрсөтүүдө", - деди Акматова.

Ал коронавируска каршы вакцина алгандар оору жеңил көтөрүп жатканын кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5147