Бишкекте эки университеттин тосмолору сүрдүрүлдү (фото)
RU

Бишкекте эки университеттин тосмолору сүрдүрүлдү (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы "Тазалык" ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин айланасындагы темир тосмолорду демонтаждады.

Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш "Бишкекглавархитектура" мамлекеттик мекемесинин кайрылуусунун негизинде жана ошондой эле – "шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында" жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5156