Бишкектин "Арча-Бешик" конушунун тургундары митингге чыгышты
RU

Бишкектин "Арча-Бешик" конушунун тургундары митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Арча-Бешик конушунун тургундары Бишкек шаардык мэриясынын имаратынын жанына чогулушту. Алар чиновниктер жоопкерчиликти бири-бирине оодарып жатат деп эсептешет.

56 жер тилкесинин ээлери "кызыл китептерди" берүүнү талап кылууда. Митингчилер жер тилкелерине 2005-жылдан бери ээлик кылып келгенин, жер тилкелерин саткандар кол койгон протоколдор бар экенин айтышты.

"Мэрия "Бишкек Главархитектурага баргыла" дейт, ал жактан Мамлекеттик каттоого жиберишет, кайра алар тиги жакка дейт. Жер участогунун документтери, жашоого уруксаты жок эч нерсеге укугубуз жок, балдарыбызды мектепке да киргизе албайбыз. Ушунча жылдан бери кыйналып келе жатабыз", - деп нааразы болгон тургундар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5157