COVID-19: Соңку беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды
RU

COVID-19: Соңку беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда коронавирус боюнча көрсөткүч соңку беш айдан бери бүгүн 16-январда эң жогорку чекке жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 16-январдагы маалыматына караганда, соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 874 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (670 адам).

Акыркы жолу 840 бейтап катталган учур былтыркы жылдын 5-августунда болгон. Андан бери ооругандардын расмий статистикасы азайып, декабрдын башында 30дун тегерегинде болуп турган.

Кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2830 адамга жетти.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 189 687 адам болду.

12-январда Кыргызстанда оору көбөйгөнү, коронавирустун "омикрон" штаммы катталганы, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы жана Бишкек "кызыл зонага" киргени расмий айтылды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5173