Визажист Байнур Куштарбеков беш жыл мурунку Дача-СУдагы кырсыкты эскерди
RU

Визажист Байнур Куштарбеков беш жыл мурунку Дача-СУдагы кырсыкты эскерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу визажист Байнур Куштарбеков беш жыл мурунку Дача-СУдагы кырсыкты эскерди. Анын үй бүлөсү бул каргашалуу окуядан жабыркаган.

Эске салсак, беш жыл мурун, 16-январь күнү таң атканда, Boeing 747-400 үлгүсүндөгү авиалайнер Дача-СУ айылына кулап түшкөн. Айыл "Манас" аэропортунан алыс эмес жерде жайгашкан. Кырсык 39 кишинин өмүрүн алып кетти.

Учак Бишкектин аэропортуна саат 07:20да конуш керек болчу. Бирок коноордун алдында жерге кулап түшкөн. Жыйынтыгында 26 үй жабыркап, экипаждын төрт кишисин кошкондо 39 киши мерт кеткен.

"16.01.2017 - бул дата менин жүрөгүмдө кара тамга менен, жан дүйнөмдү өрттөгөн сыя менен жазылып калды...

15-январда кичүү иним Эрзаттын туулган күнү болчу, ал беш жашка чыккан. Үй бүлөбүз майрам уюштуруп, ага мен да келгем. 14-январда Дача-СУга, майрамга кам көрүүгө жардам берейин деп келгем. 15и бардыгыбыз чогуу туулган күн тостук: даамдуу торт, салаттар, музыка, балдардын күлкүсү... Сонун э?

Эч нерседен кабарыбыз жок, уйкуга жаттык. Эмнеден шек санамак элек, туурабы? Учактар тынымсыз, жерди дүңгүрөтүп өтөт. Ал жакта жашагандардын бардыгы эбак эле көнүп бүтүшкөн. Бирок мен эч эле көнө албай койдум...

Учактардын добушунан уйкум качып көпкө чейин ойго жаттым. Эртеси окууга бармакмын. Кезектеги дуулдаган добуштан 06:30да ойгонуп алдым, бирок 08:00до турушум керек болчу. Дале эрте экенин түшүнүп, таттуу уйкуда жаткан беш жаштагы иним Эрзат менен 1,5 жаштагы карындашым Жылдызды карап койдум. Кучакташып уктап жатышыптыр.

Жылдызды жаныма алып жатайын деп, кайра уйкусун бузбайын дедим. Азыркы күнгө чейин ошонума өкүнөм.

Кайра уйкуга жетелендим, бир саамда үрөй учурган добуштан ойгондум. Көзүмдү ачаарым менен терезе жарылып, үстүмө үйдүн чатыры кулап түштү...

Астымды карасам, килейген дөңгөлөк турат. Устун жана кирпичтер мени басып калды. Бутум, жамбаш сөөгүмдүн байламталары үзүлүп кетиптир. Мени аталаш Канат байкем чыгарды. Урандынын арасынан турсий майкачан соймолоп чыктым. Ич кийимчен карды тебелеп коңшу үйгө жеттим. Бирок эң коркунучтуусу али алдыда болчу...

Төрт күндөн кийин Жылдыз, Эрзат жана байкем Аман каза болгонун угузушту. Мени эч ким соорото алган жок...Психологдор дагы...

Азыр мен 20дамын. Байкем Аман да ушунчада эле. Агаларымдын арасынан эң боорукери, эң күйүмдүүсү ошол болчу. Бул окуяга чейин таежем Венера улуу кызын Чолпонду жоготкон. Аны апластикалык анемия алып кеткен.

Жылдыз, Эрзат, Аман, Чолпон, алтындарым, топурагыңар торко болсун! Силер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр!" - деп Байнур Instagram'дагы аккаунтуна жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5177