"Жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин" деп опузалаган жаран кармалды
RU

"Жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин" деп опузалаган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокен районунун тургуну "Жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин" деп коркутуп, 21 жаштагы кыздан 300 000 сом алган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2000-ж.т. тургуну К.Б. кармалды.

Билдирүүгө ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 1978-ж.т. А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, өз арызында 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну "жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин" деп шантаж кылып коркутуп, үйүндө турган 300 000 (үч жүз миң) сомдук алтын буюмдарын алып чыктырып саттырып, акчаларын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жибергендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 14-январында Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган фактынын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2000-ж.т. тургуну К.Б. кармалып, тергөөгө камсыз кылынып, жасаган ишин толугу менен мойнуна алган жана тергөө тарабынан Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, К.Б.нын баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалып алынган. Учурда тергөө иштери уланууда, деп Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/517