Жети жашар Настя бир жылда 28 миллион доллар тапты
RU

Жети жашар Настя бир жылда 28 миллион доллар тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык Анастасия Радзинская 2021-жылы 28 миллион доллар киреше таап, дүйнө жүзү боюнча эң кымбат YouTube-блогерлердин катарына кирди, деп Forbes маалымдады.

Настя үчүнчү ирет катары менен эң бай YouTube-блогерлердин тизмесине кирип жатат. 2020-жылы анын кирешеси 18,5 миллион доллар болуп, ал жетинчи баскычка илинген. 2019-жылы 18 миллион доллар кирешеси менен үчүнчү орунда болчу.

Азыркы тапта, Like Nastya каналынын катталуучулары 87,5 миллионго чейин жетти.

Эски видеолорунун укугун блогер YouTube'дагы контентке көз карандысыз ээлик кылган жана эң ири аянтча Spotter'ге саткан. Ошол эле учурда жаңы видеолорунун авторлугу өзүнө таандык болот. Антан тышкары, былтыр Настя жеке товарлардын линейкасын жана NFT-коллекциясын чыгарган.

Радзинская Краснодар крайында туулуп өскөн. Учурда үй бүлөсу менен Майамиде жашайт. Настя жаңы төрөлгөндө ага - балдар церебралдык паралич деген диагноз коюлган. Дарыгерлер Настя эч качан баса албайт жана сүйлөбөйт деп айтышкан. Кыздын ата-энеси бардык күчүн аны дарылоого жумшап, бир нече жылдан кийин оорунун белгилери жок болгон. Ыкмалардын бири - камерага иштөө болчу. Видеого тартылуу аркылуу Настянын ата-энеси аны айлана чөйрө менен байланышта болууга үйрөтүшкөн.

Роликтерди орус, англис, араб жана испан тилдеринде көрүшөт. Виедолору Настянын күнүмдүк жашоосун чагылдырат: мектепке барганы, тамактанганы, жаңы кийимдерге кубанганы, ойногону, эркелегени ж.б. Мындай контент жаш актрисага ай сайын жүз миңдеген доллар киреше алып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5181