Инаугурациянын алдында филармония курчоого алынды (фото)
RU

Инаугурациянын алдында филармония курчоого алынды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-январда, эртең менен милиция Бишкектеги улуттук филармонияны курчоого алды. Ал жерде Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенттигине өтүү аземи өткөрүлөт.

Андан тышкары кайгуул кызматы өкмөттүк трассаны бойлой жана Бишкек мэриясынын тегерегинде турушат.

Инаугурацияга алгачкы меймандар келе башташты, алардын арасында экономика министри Санжар Муканбетов да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/520