Кыргызстандык DJ-кыз корей жылдыздарынын концертине катышты
RU

Кыргызстандык DJ-кыз корей жылдыздарынын концертине катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Mato Blue каймана аты менен сахнага чыгып жүргөн DJ-кыз 2022-жылдын 16-январында, Дубай EXPO'до Кореянын Улуттук күнүнө карата берилген концертте K-Pop жылдыздары менен бир сахнага чыкты.

DJ'дин өз аты Айпери, кичи мекени Ысык-Көл облусу. DJ катары карьерасын алгач Катар мамлекетинин борбор шаары Дохада баштаган экен. Кийин Кытайга барып иштеп, учурда Дубайда. "Бул кесипти аркалап келгение төрт жыл болуп калды", - дейт Айпери.

"Мени менен уюштуруучулардын бири байланышып, концертке катышууну сунуштады. Концерттин коноктору катары Stray Kids, Golden Child, Sunmi келишкен, ал эми сахнанын негизги жылдызы PSY болду. PSY ырдагандан кийин эле мен чыгып, кечени жыйынтыктадым", деп Mato Blue бөлүштү.

Ал "Ушул учурдан тартып мен да расмий түрдө PSY'дын күйрманы болом!" - деп сторисине жазган.

Айперинин айтымында, бул концерт K-Pop'тун Дубайдагы эле күйөрмандарын чогулткан жок. Аларды көрүү үчүн башка өлкөлөрдөн да келгендер көп болду. Дүйнөлүк деңгээлдеги артисттер менен бир сахнага чыгуу ал үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи.

Сахнага кийип чыккан кийими да көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Мен улуттук оймону камтыган кийимди атайын эле тандадым. Ал бир эле учурда улуттук жана заманбап. Ошонусу менен уникалдуу. Менин жеке пикирим боюнча жергиликтүү дизайнерлерибиз эл аралык деңгээлге чыгууга татыктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5212