Чүй облусунда кафе-ресторандардагы иш чараларга чектөө киргизилди
RU

Чүй облусунда кафе-ресторандардагы иш чараларга чектөө киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусу боюнча свадьба, той, куран окутуу жана кафе-ресторандардан массалык иш чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "СТВ" каналынын эфиринен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун Ысык-Ата боюнча бөлүм башчысынын орун басары Акылбек Исаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир жумада поликлиникаларга 1 400 жаран грипптин белгилери менен кайрылган.

"Бирок кайрылгандардын 80%да омикрон штаммы болуш керек, деген ойдомун. Алар анализ тапшыруудан баш тартканына байланыштуу бул божомолду лабораториялык негизде тастыктоо мүмкүн болбой турат. 190 кишиде коронавирус тастыкталды. 17 киши госпитализацияланып, калгандары амбулатордук дарыланууда. Медиктердин арасынан 21 киши ооруп жатат. Бүгүн 14 мектеп жана эки колледж жабылды, анын ичинде медициналык колледж дагы онлайн окутууга өттү. Омикрондун башка штаммдардан айырмачылыгы - даам жана жыт билүү сезими жоголбойт", - дейт адис.

Эң оор абал Чүй, Панфилов, Жайыл жана Кемин рйондорунда. Март-май айларына чейин пандемия төмөндөйт деген божомолдоолор бар.

"Эпидемиологиялык кырдаал начарлаганына байланыштуу облустук штаб той жана массалык иш чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүүнү чечти. Кафе-ресторандарга бир эле учурда 50дөн ашык киши чогулганга болбойт. 1,5 метрлик дистанция да сакталууга тийиш", - дейт Исаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5213