Чолпон Султанбекова: Баткендеги балдар өзбектин президентин биздики деп ойлошот
RU

Чолпон Султанбекова: Баткендеги балдар өзбектин президентин биздики деп ойлошот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы бир катар айылдарда жашаган балдар Шавкат Мирзиёевди биздин президент деп эсептешет. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда, Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда депутат Чолпон Султанбекова айтты.

Анын айтымында, санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкер Талантбек Иманов 2022-жылы өлкөнүн бардык калк жайгашкан жерлеринде интернет болот деп жатат.

"Алар санариптик телевидениеси жок отурса, каяктагы интернет? Өзбектердин же тажиктердин каналдарын көрүшөт. Биздин президентибиз ким, деп сурасаң, Өзбекстандын президентин аташат", - деп депутат белгиледи.

Ал Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылын мисал келтирип жатканын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5220