Садыр Жапаровдун инаугурациясы. Кандай өттү?
RU

Садыр Жапаровдун инаугурациясы. Кандай өттү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Кыргызстандын мөөнөтүнөн эрте берилген президенттик шайлоонун жеңүүчүсү болду. Бүгүн, 28-январда, ал расмий түрдө кызматына киришет. Инаугурация улуттук филармонияда өттү.

Салтанаттуу аземдин трансляциясы 10:45те башталат. Иш чарага жөнөкөй жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүжергиликтүу жана чет элдик ММКлардын турган миңден ашык коноктор чакырылган.

Kaktus.media редакциясы тексттик трансляцияны жүргүзөт.

В обратном порядке
Только важное
09:47
28.01.2021

Милиция Бишкектеги улуттук филармонияны курчоого алды. Ал жерде Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенттигине өтүү аземи өткөрүлөт. Милициялар Абдрахманов көчөсүндө да турушат. Негизги көчө Манас проспектиси.

Транспорттун кыймылына чектөө коюлган жок.

09:54
28.01.2021

Филармонияда сыйлуу коноктор чогулуп жатат. Мурунку премьер-министрлер: Темир Сариев, Амангелди Омуралиев, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев, Турсунбек Чынгышевдер келишти.

10:16
28.01.2021

Филармониянын алдына Садыр Жапаров баса турган кызыл килем төшөлдү.

10:18
28.01.2021

Филармониянын ичинде да көп киши чогулду. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов, экс-мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдор келишти.

10:46
28.01.2021
10:49
28.01.2021
10:51
28.01.2021

Трансляция башталды

10:55
28.01.2021
Сооронбай Жээнбеков да залда отурат

Филармониянын залында Кыргызстандын эки экс-президенти отурат: Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков. Бирок Отунбаева сыйлуу конок катары алдыңкы орундарда отурса, Жээнбеков депутаттардын жана мэрия кызматкерлердин артынан орун алыптыр.

11:00
28.01.2021

Жапаров инаугурацияга келди. Галстук тагыныптыр! Түз алып берүүнүн сапаты жакшы эмес. Жапаров ордуна жеткиче "Манас" эпосунан үзүндү окулуп жатат.

11:09
28.01.2021
Ант берди

Садыр Жапаров бир колун конституцияга коюп кыргыз тилинде ант берди. Эсиңерде болсо, бул конституцияны өзгөртүшөт.

"Мен Жапаров Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына өтүп жатып, Кудай алдында жана элимдин алдында мамлекеттин жетекчиси катары өзүмдүн ыйгарым укуктарымды адилеттүү ишке ашырууга, адамдын жана жарандын укугун коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде иш алып барууга, элдин биримдигин жана коопсуздугун коргоого ант берем".

11:09
28.01.2021

Нуржан Шайлдабекова 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКнын протоколун окуду. Ага ылайык Садыр Жапаров президент деп табылган. Шайлдабекова Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти, деп жарыялады.

11:10
28.01.2021

Садыр Жапаровго күбөлүк, президенттин штандарты жана өзгөчөлүк белгиси тапшырылды.

11:15
28.01.2021

Биздин бардык президенттерибизди эске салалы. Кандай күндө да алар Кыргызстандын тарыхы.

11:20
28.01.2021

Садыр Жапаров мамлекеттин башчысы катары алгачкы сөзүн сүйлөдү

"Чыдамдуулуктун да чеги бар. Андыктан 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык-калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумуш орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыз кылуу, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин".

Залда отургандар кызуу колдоп кол чабышты.

11:36
28.01.2021

Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова бир да жолу көрсөтүлгөн жок

11:42
28.01.2021

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин өкүлү куттуктоо сөзүн айтты.

11:44
28.01.2021

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровдун инаугурация салтанатына катышып жатканы ал үчүн абдан жагымдуу экенин билдирди.

Андан кийин куттуктоо сөзүн окуп, биринчи абзацын кыргыз тилинде айтты. Андан кийин сөзүн орус тилинде улантып, бул тил менен жакшыраак тааныш экенин кошумчалады. Эмкиде текстти толук кыргыз тилинде окууга убада берди.

Ал Европа биримдиги кызматташууну андан ары улантууга даяр экенин ММКлардын эркиндиги коомдун өнүгүүсүндө милдеттүү шарт экенин кошумчалады.

11:47
28.01.2021

Ала-Тоо аянтында экрандар орнотулуп, эл чогулду.

11:49
28.01.2021

Филармонияда айкелчи Тургунбай Садыков сөз сүйлөдү.

"Бүгүн биз дагы бир ирет тарыхый күндү башыбыздан кечирип жатабыз, анткени сиз кызматка кириштиңиз. Элибиз көптөн бери жакшыдан үмүттөнүп келет, бүгүн ошол үмүт, ишенимдердин бардыгы сизге жүктөлдү. Адилеттүу президент болуңуз", - деди ал.

11:53
28.01.2021
Филармониядагы расмий бөлүгү жыйынтыкталды.

Филармонияда өткөн Садыр Жапаровдун инаугурациясынын расмий бөлүгү жыйынтыкталды.

Жапаров сыртка чыгып, Куралдуу күчтөрдүн жетекчиси катары аскердин парадын кабыл алды. Эсиңерде болсо азыркы Конституцияга ылайык, президент Куралдуу күчтөрдүн жана Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болуп саналат. Жаңы конституция анын ыйгарым укугун дагы кенейтет.

12:00
28.01.2021

Садыр Жапаровдун кортежи Ала-Тоо аянты аркылуу өттү

12:00
28.01.2021

Садыр Жапаров өкмөт үйүндөгү жаңы кабинетине келди. Аны кире бериште Талант Мамытов тосуп алды. Буга чейин ал Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып келген. Ушул учурдан тартып Талант Мамытов өзүнүн мурунку ишине, праламенттин төрагалыгына кайтып келет.

12:02
28.01.2021

Садыр Жапаров кабинетиндеги креслосун ээледи. Президенттин штандарты жана өзгөчөлүк белгилери да бул жакка алып келинди.

12:03
28.01.2021

Бүттү. Кыргызстанда жаңы - алтынчы - президент ишке киришти. Садыр Жапаровду кандай кабыл алсаңар да - бул биздин тарыхый учур. Ал убада кылгандарынын жок дегенде жарымын ишке ашырат деп ишенебиз. Кыргызстан жана анын жарандары бактылуураак, байыраак жана эркинирээк болооруна үмүттөнөбүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/522