Ысык-Көлдүн суусу тартылып жатабы? (Фото)
RU

Ысык-Көлдүн суусу тартылып жатабы? (Фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн суусу тартылып жатат деген маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун тургундары айтып чыгышты. Айрыкча суунун тартылышы Чолпон-Ата шаарында байкалган.

70-жаштагы Татьяна Самсонованын айтымында, жыл сайын суу кирип, кайра тартылып турат, бирок быйылкыдай эмес. Анткени быйыл суу 15 метрге тартылган. Бул суунун азайып кеткенине байланыштуу болушу мүмкүн.

Чолпон-Атанын тургуну Мирлан Осмоналиев ар дайым көл жээкти болйоп сейилдей турганын айтты. "Жакында эле бул көрүнүштү байкадым. Көлдүн башка жерлеринде анчалык билинбейт, бирок мен сейилдеген жерде суунун жээги 15 метрге тартылып кеткени даана байкалып турат", - дейт ал.

Чолпон-Ата шаардык мэриянын кызматкери бул боюнча Улуттук илимдер академиясына караштуу тиешелүү комиссия иш алып бара турганын билдирди.

"Биз бул маалымат тарагандан кийин тиешелүү жактар менен иш алып барууга өттүк. Бирок азыр суунун тартылып жаткандыгы тууралуу так маалымат бере албайбыз. Бул маселенин үстүнөн Улуттук илимдер академиясына караштуу тиешелүү комиссия иш алып барышы зарыл. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин толук маалымат берилет", - дейт шаардык мэриянын кызматкери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5232