ЖМК: Казакстандагы окуяларда каза болгондордун жашыруун мүрзөлөрү табылды
RU

ЖМК: Казакстандагы окуяларда каза болгондордун жашыруун мүрзөлөрү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматыда тополоңдо каза болгондордун жашыруун мүрзөлөрү табылганын @almatyapat Telegram каналы билдирди.

Буга чейин Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Таймерденов ушул айда белгисиз адамдар өлүкканага жетидей жолу кол салганын, андан 41 адамдын сөөгү уурдалганын билдирген.

"Ооба, маалыматты тастыктайм. Тополоңдун катышуучуларын аныктоону кыйындатуу үчүн жашыруун көмүү иштери жүргүзүлдү", - деген Алматы шаардык демократиялык партиясынын өкүлү Салтанат Азирбек.

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев кылмышкерлер өлүкканалардан сөөктөрдү уурдап кетишкенин билдирген.

"Бандиттер түн ичинде өлүкканаларга кол салып, каза болгон шериктеринин сөөгүн алып кетишкени бекеринен эмес. Ошондой эле сөөктөрдү согуш талаасынан түз алып кетишкен. Бул теги белгилүү террористтердин практикасы", - деген Токаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5242