Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду. Видео
RU

Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспековго карата соттук отурум өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочу жаңы айыпты окуп берди. Анда Аспеков 2016-жылы абакта отурган Салтыханов менен жолуккан деп айтылат. Аспеков андан квартира сатып аларын макулдашкан. Бирок, акчаны төлөбөй койгондуктан, алдамчылык беренеси боюнча айыпталып жатат.

Аспеков өзү күнөөсүн мойнуна алган жок жана муну чындыкка коошпойт деп атады.

"Салтыханов өзү мурда милиционерди өлтүргөн делип 25 жылга соттолгон. Эми кайра баарын ойлоп таап, батир үчүн акча алууну көздөп жатат, мен баарын төлөп бүткөм", - деди Аспеков.

Эске салсак, Мелис Аспеков үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруп, 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган. Бирок, Аспеков коюлган күнөөнү мойнуна албайт. 10-августта анын жүрөгү кармап ооруканага жаткырылган. Ага операция жасалып кийин кайра убактылуу кармоочу жайга кайтарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5245