Ассоль Молдокматова сүйүктүүсү менен тааныштырды
RU

Ассоль Молдокматова сүйүктүүсү менен тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу алып баруучу жана блогер Ассоль Молдокматова инстаграм аккаунтуна пост жарыялады. Анын алдына бактылуу экенин жазган.

"Биз бакытлуубуз. Бекназар Жамангариев экөөбүз сүйөөбүз, үмүтүбүз тоодой. Жакында той" - деп билдирүү калтырган.

Бекназар Жамангариев да өзүнүн Facebook-аккаунтунда ушундай эле маанидеги пост жарыялап, Ассоль Молдокматованын жоолук салынып турган сүрөтү менен бөлүшкөн.

Бекназар Жамангариев Бишкек шаарында туулуп өскөн. Куренкеев атындагы музыкалык мектепти аяктап, кийин Улуттук университетте банк иши багытында окуган. 2009-жылы 34 жашында Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болуп, АКШга көчүп кеткен.

Бекназар Жамангариев үй бүлөсү жөнүндо маалымат дээрлик жок. Мурунку интервьюларында эки уулу менен түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Ал жактан карьерасын нөлдөн баштап, Yahoo, Motorola, Walmart, Apple, Google сыяктуу ири компанияларда иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5254