Кандай жаңжал? Тажик ЖМКлары жазып чыккан маалыматка милиция түшүнбөй жатканын айтты
RU

Кандай жаңжал? Тажик ЖМКлары жазып чыккан маалыматка милиция түшүнбөй жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында кагылышуу кайра жанданганы тууралуу маалыматты Sputnik тажик агенттиги таратты. Алардын айтымында, бул 2022-жылы биринчи жолу болуп жатат.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар КамАЗдын айдоочусун – Исфаранын Чоркух айылынын тургунун таш бараңга алышкан. Бул маалыматты Исфара шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Зубайдулло Шомадов тастыктады.

Ал эми Kaktus.media сайтына кыргыз-тажик чек арасында жаңжал болбогонун Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Тажикстандын күч органдары дагы, алардын жергиликтүү бийликтери дагы Кыргызстандын расмий органына, тактап айтканда, облустук ички иштер башкармалыгына кайрыла элек.

"Бизде эки мамлекеттин чек арасында мындай бир дагы учур катталган жок жана Тажикстандын аткаминерлери кандай жаңжал тууралуу айтып жатканын түшүнбөй жатабыз", - деп баса белгиледи Баткен облустук ички иштер башкармалыгы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5259