Таласта вирусологиялык лаборатория ачылды
RU

Таласта вирусологиялык лаборатория ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында COVID-19 аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Лабораторияны кыдыруу учурунда белгиленгендей, заманбап ПЧР-лаборатория алдыңкы жабдуулар менен камсыздалып, суткасына 800гө чейин анализди талдап чыгууга даяр.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, мындай лабораториялар республиканын бардык аймактарында ачылышы керек.

Өз кезегинде Талас шаарынын тургундары жана лабораториянын кызматкерлери вирусологиялык лаборатория ишке берилген соң, COVID-19 дартын аныктоо оңой болоорун билдиришти, анткени буга чейин анализдер Бишкекке жөнөтүлүп турчу. Буга байланыштуу коронавирус инфекциясын аныктоо ыкчамдыгы төмөн саналчу.

Ошондой эле жакын арада лабораториянын профили башка бир катар лабораториялык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча кеңейтилээри белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5266