Мирзиёевди сындаган блогер камакка алынды
RU

Мирзиёевди сындаган блогер камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ташкенттин соту блогер Миразиз Базаровду "жалаа жапкан" деген айып менен үч жылга эркинен ажыратты. Блогерге ички иштер органдары белгилеген убакта үйдөн чыгууга тыюу салынганын "Азаттыктын" өзбек редакциясы билдирди. Базаровдун жактоочусу Сергей Майоров өкүмдү мыйзамсыз жана адилетсиз деп атады.

"Миразиздин жазанын бул түрүн өтөшүнө эки жыл, төрт ай калды. Үй камагында болгон мезгили дагы эсептелинет. Ал күчтүү адам, көңүлү чөкпөйт. Күрөштү улантууга даяр. Формалдуу түрдө сот мыйзам чегинде иш алып барды. Бирок албетте, сот бир жактуу, ал бийликтин буйругун аткарды", - деди Майоров комментарий берип.

Журналисттерди коронавируска ПЦР-тести жок деген шылтоо менен Базаровдун сотуна киргизбей коюшту. Кабарчыларга мындай тесттин зарылдыгы тууралуу алдын ала эскертилген эмес. Блогердин жактоочусу жыйын ачык деп жарыяланганын, бирок сот аудио жана видеого тартууга тыюу салганын билдирди.

Жабырлануучу катары диний ишмер Аброр Абдуазимов, блогерлер Шухрат Мусаев жана Абусалих Салимов менен катар 110-мектептин окутуучусу өтүштү.

Былтыр 28-март күнү кечинде Миразиз Базаровго үйүнүн жанынан үч белгисиз адам кол салган, алардын биринде бейсбол таягы болгон. Блогер ички органдары жабыркап, буту сынып, мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бул күнү Базаров аниме жана кэй-поп сүйүүчүлөрүн Ташкенттин борборуна чакырган. Бирок белгисиз адамдар "ЛГБТ активисттерине" каршы уруксатсыз нааразылык акциясын өткөрүшкөндүктөн, иш-чара болбой калган.

Блогер ооруканадан чыккан соң сот анын бөгөт чарасын карап, үй камагында калтырылган. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы 1-апрелден 20-апрелге чейин укук коргоо органдарына жарандардан 28 арыз, ошондой эле Мирабад районундагы №110 орто мектептин мугалимдер жамаатынан Миразиз Базаровго мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылган жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Мугалимдер Базаровдун 2020-жылдын октябрь айында Тик-Токто жайгаштырылган видеолорунун бири аларды таарынтканын айтышкан. Видеодо блогер "Мектеп - бул эски кулдар жана ийгиликке жетпегендер, балдарды кул жана ийгиликсиз болууга үйрөткөн жер" деп айткан.

Кийинчерээк үч блогердин билдирүүсүнө таянып, Базаровго кошумча айып тагылган. Анткен менен Базаров өзү "өкмөтчүл блоггерлер тараткан ар кандай жалган жалаалардан улам анын жазылуучуларынан ага каршы жүздөгөн коркутуулар болгонун" билдирди. Базаров ички иштер органдары анын коркутуулар боюнча кайрылууларына көңүл бурбай жатканын айткан.

Базаров өз постторунда президент Шавкат Мирзиёевди сындап, коррупциянын күчөп баратканын жазып, экономикалык реформаларды жана мамлекет башчынын саясатын "чоң жоготуу" деп атаган. Өкмөттү карантин учурунда "элдин акчасын уурдап кетти" деп айыптаган. Былтыр октябрда өткөн президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5269