Болот Темиров кепилдик менен бошотулду делгени менен дагы эле сотто
RU

Болот Темиров кепилдик менен бошотулду делгени менен дагы эле сотто

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Болот Темиров кепилдик менен бошотулганын митингде Ички иштер министрлигинин кызматтарынын биринин башчысы Сапарбек Аманкулов билдирген.

Бирок, саат 12:30га карата Болот Темиров менен Болот Назаров дагы эле Свердлов райондук сотунда. Эми сот милициянын кечээки аракетинин мыйзамдуулугун жана анын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерип жатат.

Болот Назаровдун баш коргоо чарасы азырынча аныктала элек.

***

Бир күн мурун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атайын отрядынын кызматкерлери Temirov Live басылмасынын редакциясынын кеңсесине кармап кетүү үчүн келишкен. Алар Болот Темировду кармап, андан ташкары журналисттердин иштеген компьютерлерин жана башка маалыматты сактоочу жабдыктарды да кошо алып кетишкен. Журналист баңгизат сатууга шектелип жатканы айтылууда. Бирок, Бишкек ШИИБи да, Ички иштер министрлиги да бул маалыматты расмий тастыктай элек.

Бир гана борбор калаанын ички иштер башкармалыгы иштин чоо-жайы көрсөтүлбөгөн кыскача комментарий берди.

Кармалган журналистин канын анализдик текшерүүдөн өткөргөндө баңги зат колдонулган эмес деген жыйынтык берген.

Журналист Болот Темировдун айтымында бул кармоо иши УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындарынын күйүүчү май бизнеси боюнча иликтөөсүн жарыялагандан кийин жүргүзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5284