Ырчы Анжелика былтыр сүзгөн бакты кыйып салышты (видео)
RU

Ырчы Анжелика былтыр сүзгөн бакты кыйып салышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - Каракол жолундагы үч бакты кыйып салышты. Былтыр ушул маалда ырчы Анжелика так ушул бакты сүзүп жол кырсыгына кабылган болчу. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

"Былтыр, ушул күнү бакты кыйып койгондо, танкы саат беште, 23-январь күнү, түз талаа жакка өтүп кетет белек? Балким, 30жылдан бери өмүрлөрдү алган бул бакты биз сүзүп, кыйылаар тарыхы ушундай болуш керек беле? Айтор, жол эреже белгилерин түндө көрүнө тургандай кылып жасап, камераларды иштетип, даарыгерлерге барып, ыраазычылык билдирип, кан чыгарып, ушул жерден курман болгондордун баарына куран окуттук.

Бактын тегерегиндеги мүрзөнү көрүп, менин же кыздарымдын аты жазылып турбаганына Аллахка чексиз мактоо айтып бир ыйлап алдым. Жеңилдеп алдым. Мен дагы эле шок абалдан чыга албай жүрөм. Мени колдоп, түшүнгөн элиме рахмат", - деп Анжеликка жазды.

Эске салсак, былтыр 23-январда, таңга жуук кырсык катталан. Караколдон Бишкекке чыккан Lexus-570 унаасы Балбай айылынан жолдогу жылгаяктан аласылап, жолдун четиндеги бакты сүзгөн. Машиненин салонунда Анжелика, анын үч кызы жана курбусу бар болчу. Жабыркагандар Түп территориалдык ооруканасына жеткирилип, аларга медициналык жардамм көрсөтүлгөн. Эртеси бардыгын Биишкекке алып кетишкен.

Ырчы жүлүнүн кокустатып алып, ага операция жасалган. Экинчи кызы Элиманын да бели ооруп, кичүү кызы Айым эки бутун сындырып алган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5286