Болот Темировду камоо. Бардык маалымат бир материалда (кыскача)
RU

Болот Темировду камоо. Бардык маалымат бир материалда (кыскача)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media сайтынын редакциясы иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы тууралуу кыскача айтып берет.

Эмне болуп жатат

20-январда журналист Болот Темиров "Ташиевдердин кланына" байланыштуу иликтөөсүнүн бир бөлүгүн жарыялап, анда үй-бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстанда мунай магнаттарына" айланганын сүрөттөгөн.

22-январь күнү кечинде милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар Temirov Live иликтөөчү журналисттердин кеңсесине келишкен.

Алар тинтүү иштерин жүргүзүп, Болот Темировдун чөнтөгүнөн марихуанага окшош зат салынган кутучаны "табып", бардык компьютерлерди жана үн жаздыруучу жабдууларды алып кетишкен.

Болот Темиров РИИБге жеткирилген.

Болот Темиров ким

Болот Темиров Кыргызстандагы эң абройлуу иликтөөчү журналисттердин бири. 2018-жылдан 2021-жылдын 1-мартына чейин Болот Темиров Factcheck.kg сайтынын башкы редактору болгон. Учурда ал өзүнүн "Temirov Live" YouTube каналында каналында журналисттик иликтөөлөрдү жарыялайт.

Анын эң резонанстуу иштеринин бири журналист Али Токтакунов менен биргеликте жүргүзгөн "Райымбек Матраимовдун бажы империясы" деген иликтөөсү болду. Кыргызстандын бажы кызматынын экс-депутаты Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын кымбат баалуу сааттары, фирмалык сумкалары жана кийимдери тууралуу Factcheck.kg порталы менен Bellingcat биргелешкен иликтөөсү да чоң резонанс жаратты. Материал жарыялангандан кийин Factcheck.kg порталы жана материалды кайра басып чыгарган басылмалар күчтүү Ddos чабуулдарына дуушар болушкан.

Кийинчерээк Болот Темировду үч белгисиз адам сабап кетип, журналист телефонун жоготуп алган.

2021-жылдын февраль айында Болот Темиров коррупцияга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөш боюнча чемпиону сыйлыгын алган. Бул сыйлык дүйнө жүзү боюнча 12 гана адамга берилген.

Темиров эмнеге айыпталууда?

Расмий версия: 2022-жылдын 22-январында А.А. атуу жаран Бишкек ШИИБге 2021-жылдын 25-октябрынан азыркы күнгө чейин достору менен бирге баңги затын (гашиш) колдонууга азгырган Болотко карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын дареги катары Болот Темировдун кеңсесин көрсөткөн.

Тинтүү учурунда Темировдон полиэтилен боо табылып, ичинен кара күрөң түстөгү зат алынган. Экспертиза анын гашиш экенин аныктаган.

Бул иште эмне туура эмес болгон

Тинтүү УКМКнын жетекчисинин үй-бүлөсүнө байланыштуу иликтөөнүн жарыяланышы менен дал келгени кызык. Тинтүүнүн өзү процессуалдык нормаларды бузуу менен жүргүзүлгөн. Эмнегедир маалыматты сактоочу техниканын баарын тартып алышкан.

Кошумчалай кетсек, экспертизанын жыйынтыгы Болот Темировдун баңгизатын колдонбогонун көрсөткөн. Темировду тааныгандардын баары Болоттун баңгизат менен байланышы жок экенин айтышкан.

Бул иште дагы ким бар

Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров да кармалган. Камчыбек Ташиевдин айтымында, экспертиза Назаров баңгизат колдонгонун аныктаган.

Болот Темиров менен Болот Назаров азыр кайда

22-январда саат 13:30да алар Бишкектин Свердлов сотунда болушкан. Болот Темиров кепилдик менен бошотулган. Эми сот милициянын кечээки аракетинин мыйзамдуулугун жана анын кармалышынын мыйзамдуулугун текшерип жатат.

Болот Назаровдун баш коргоо чарасы кандай экени азырынча белгисиз.

Камчыбек Ташиев эмне болуп жатканына комментарий берди?

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерди чакырып, маалымат жыйынын өткөрүп, иликтөөдө аталган заводдун иштөө схемасын чийип берген. Анын жээни (тергөөдө көрсөтүлгөн заводдун башкаруучусу) эң сонун адам экенине ишендирип, Ал эми Болот Темиров белгисиз эле журналист экенин айтты. Муну менен Ташиев "Темировдун иликтөөсүндөгү маалыматтын 90%ы калп" деп жар салды. Ташиев Темировго акча кайдан келип жатканын билерин белгиледи.

Айта кетчү нерсе, Ташиев иниси Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыра турганын билдирди. Бул чечимдин түздөн-түз иликтөөгө тиешеси жок.

Камакка алынганда элдин реакциясы кандай болду

Жанар Акаев, Өмүрбек Текебаев, Дастан Бекешев Нурбек Токтакунов жана башка медиа коомчулугу болуп жаткан окуяларга нааразылыгын билдиришти. Ошондой эле бир топ эл сөз эркиндигине басым жасалууда деген билдирүүлөрдү жасаган.

Бүгүн, 23-январда Ички иштер министрлигинин жанында Болот Темировду колдоо митинги өтүүдө.

Садыр Жапаров бул боюнча бир нерсе айттыбы?

Ооба, бирок эч кандай күтүүсүз сөз айтылган жок. Ал прессага кысым көрсөтүлүүсүно жол берилбеш керектигин айтып, ошол эле маалда журналисттер негизссиз бирөөнү каралоодон оолак болушу керек деп кыйытты.

Жапаровдун айтымында, Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) берген пресс-конференциясында бардыгын ийне-жибине чейин түшүндүрүп, ага карата айтылган айыптоолор негизсиз экенин далилдеди.

Болот Темиров менен Болот Назаров айызр када?

Болот Темиров менен Болот Назаров

Болот Темиров менен Болот Назаров эч жака чыкпоо тил катынын негизинде 23-январда бошотулушту. Учурда терго жүрүп жатат.

Иликтөө эмне болду?

Бүгүн, 24-январда, Камчыбек Ташиев пресс-тур уюштуруп, иликтөөдө аты аталган мамлекеттик ишкананын ачык иштеп жатканын көрсөтөт. Бирок, белгилей кетчү жагдай, Temirov Live'дын журналисттери өздөрүнүн иликтөөсүндө Жалал-Абад нефть иштетүүчү заводдун ачык иштегендиги тууралуу эмес (бул мекемеде мамлекеттик үлүгш бар экенин баса белгилеп коелу), ортомчул компания пайда болуп, 37 млн сом киреше көрүп жаткандыгы жөнүндө айтылган. Бул кирешени мамлекеттик компания табыш керек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5287