Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
RU

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-январда, саат 14:22де Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 14:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок, деп ведомство маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/530