Кыргызстанга Майрам Акаева келди
RU

Кыргызстанга Майрам Акаева келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын алгачкы биринчи айымы Майрам Акаева келди. Бул маалыматты Kaktus.kg'ге Аскар Акаевдин жакындары тастыкташты.

Кечээ Майрам Акаеванын апасы кайтыш болгон. Белгилүү болгондой, ал 104 жашка чыккан. Аны жерге берүү зыйнаты эртең, 26-январда өтөт.

Белгилүү болгондой, Майрам Акаева Бишкекке бүгүн түндө учуп келип, дароо Таласка жөнөгөн. Кыргызстанда канча күн болоору белгисиз.

Аскар Акаев келген эмес.

Белгилей кетчү жагдай, бул 2005-жылдагы март революциясынан кийин Майрам Акаеванын Кыргызстанга алгачкы жолу келиши. Мындай мурун ал мекенине кайтып келет экен деген имиштер айтылып келген, бирок бул сөз эч качан тастыкталчу эмес.

Эске салсак, Аскар Акаев 2021-жылдын августунда "Кумтөр" иши боюнча кызматташуу үчүн Кыргызстанга келип кеткен. Акыркы интервьюлардын биринде Садыр Жапаров "Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот", деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5313