Бекешев журналисттик иликтөөгө маданияттуу түрдө жооп берүүгө чакырды
RU

Бекешев журналисттик иликтөөгө маданияттуу түрдө жооп берүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев журналисттин иликтөөсү кандай болбосун анын жеке жашоосуна кийлигишпей, маданияттуу түрдө жооп берүүгө чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-январда парламенттин жалпы жыйынында айтты.

"Журналисттер иликтөө жасаганда ал туура эмеспи, жалган болобу ага маданияттуу жооп бериш керек. Пресс-конференция уюштурабы, пресс-релиз аркылуубу анын ар кандай жолу бар. Бирок журналисттерге басым кылып, жеке жашоосун видеого тартып жарыялап... Биз ушундай деңгээлге түшпөсөк. Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. Атайын кызмат, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү ыкма менен жооп берсеңер", - деди Бекешев.

Кыргызстанда иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин экөө үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлиги аларды "баңгизат саткан жана аны мыйзамсыз даярдаган" деп айыптап жатат. Журналист менен акын коюлган айыптарды четке какты. Темиров Live Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу атайын иликтөө жарыялаган.

Көп өтпөй Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарады. Аты-жөнү шектүү аккаунттар аркылуу таркатылып жаткан тасмалар жашыруун жаздырылганын байкоого болот.

Маалымат azattyk.org сйтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5317