Акылбек Түмөнбаев Садыр Жапаровго кайрылып кеңеш берди
RU

Акылбек Түмөнбаев Садыр Жапаровго кайрылып кеңеш берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев өлкөнүн президенти Садыр Жапаровго кайрылып, дос катары кеңеш берди.

Анын айтымында парламенттин алдында чече турчу көптөгөн маселелер бар.

"Бул чакырылышты элибиз сын көз караш менен байкоо салып турган чагы. Анын аброю төмөндөп кеткени эч ким үчүн жашыруун эмес. 30 жылдык тарыхыбызда элдин үмүт-тилегине бийлик башында тургандар суу сепкендей эле болду. Кыргызстанда талап-тоноочулардын катмары пайда болуп, өздөрүн саясий элита деп аташат.

Урматту президент, Садыр Нургожоевич, бул трибунадан сизге кайрылам. Сиздин жоопкерчилигиңиз жана милдеттериңиз чоң. Саясатты иш жүзүнө ашырууда жана кадрларды тандоодо өтө кылдат мамиле кылууңуз керек. Буга чейинки башчыларды сазга батыргандар азыр деле сиздин айланаңызда жүргөнүн коомчулук айтууда.

Бул сынды сиз душмандык эмес, достун күйүп айткан сыны катары кабыл аласыз деп үмүттөнөм. Мен сиздин реформаларыңызды жана саясатыңызды колдоймун. Саясий маселелерде көз карашым сиз менен туура келбей турганын сиз жакшы билесиз. Катачылык кетирсеңиз бул трибунадан ачык сынга ала турганымды белгилейм. Чындыкты айтуудан жалтанбайм. Болгон билимимди тажрыйбамды элге жумшайм", - дейт депутат.

Андан тышкары ал 16-18 аял депутатты кызматтык унаа менен камсыздоону суранды.

"Бейиш эненин таманында деп аял затын жогору коюп сыйлап келебиз. Бул чакырылышта 16-18 депутат аял бар. Алар карапайым үй бүлөдөн чыккан депутаттар экендигин жакшы билебиз. Аял кишинин түйшүгү эркектикине карганада эки эсе оор, эркек депутаттардын атынан, жана жеке өзүмдүн атыман жетинчи чакырылыштын аял депутаттарын кызматтык унаалар менен камсыздап берсек деген сунуш киргизем. Бул сунушумду президент четке какпайт деген үмүттөмүн", - деп депутат сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5319