Атамбаев Мухтар Аблязовго кат жазып, Казакстандагы кырдаал боюнча ой-пикири менен бөлүштү
RU

Атамбаев Мухтар Аблязовго кат жазып, Казакстандагы кырдаал боюнча ой-пикири менен бөлүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түрмөдө отурган мурунку президент Алмазбек Атамбаев Мухатр Аблязовдун билдирүүсү боюнча жеке комментарийин билдирди. Бул кат өзүнө таандык экенин уулу Кадыр Атамбаев жана адвокаты Замир Жоошев тастыктады.

Эске салсак, буга чейин казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязов Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстанда массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн билдирген.

Аблязовдун айтымында, каршылык акцияларына эбак эле даярдык көрө баштап, Казакстанга Кыргызстан аркылуу келүүнү ойлогон. Мухатр Аблязов өзүн каршылык көрсөтүүлөрдүн лидеримин деп атап, Алматыда болуп жаткан окуялар боюнча күндө Атамбаев менен кеңешип турганын маалымдаган.

Алмазбек Атамбаев жазган катында Аблязов менен эч качан көрүшпөгөнүн жана сүйлөшпөгөнүн белгиледи.

"Мен аны менен эч качан сүйлөшкөн да эмесмин. Балким кимдир бирөө ага жалган маалымат бергендир. Бирок 2016-жылдын сентябрынан кийин Нурсултан Назарбаев экөөбүздүн мамилебиз кескин начарлап кеткени эч ким үчүн сыр эмес. Бирок бул таптакыр башка окуя", - деп мурунку президент жазган.

Казакстандагы окуялар сырттан, кимдир-бирөө тараптан уюшулганына ишенбейм. Айрымдар массалык башаламандыктарды ошондой кылып көрсөтүүгө аракет кылганына карабастан.

Атамбаевдин пикири боюнча, кандай өлкөдө болбосун революциялар жана толкундоолор бийликтин сабатсыздыгынан жана элге каршы иш аракеттеринен улам келип чыгат.

"Казакстандагы окуяларга да чет өлкөдө жүргөн оппозиционерлер же чет элдик террористтер себепкер болгон жок. Элдик толкундоолорго эмне түрткү болгонун Казакстандын президенти Токаев өзү да даана бирок өтө этияттык менен айтты. Ал себептерди жоюуга чечкиндүү кадамдарды жасайт деп ишенем. Менимче, радикалдуу реформалар экономикада эле эмес, өлкөнүн саясий системасында да керек. Антпесе бардыгы мындан да ири масштабда кайталанышы мүмкүн", - дейт Атамбаев.

Ал элдик толкундоолордун катышуучуларын эмес, карапайым калкты ошого жеткиргендерди жазалоо керек деген ойдо.

"Элин уурдап-тоногондорду, репрессия жүргүзүп калкты муунткандарды. Жеке мисалымда ишенимдүү айта алам, күч структураларына азыраак, эркин пресса жана жөнөкөй элге көбүрөөк ишеним артуу керек. Ошондо КНБ (Казакстандын улуттук коопсуздук комитети) - кайрадан улуттук коопсуздукка коркунуч туудурбайт. Ушул эле сөздү акыркы төрт жылдан бери өз өлкөмдүн бийлигине айтып келе жатам. Бирок андан майнап чыккан жок, президент башка болгону менен", - деп Атамбаев кошумчалады.

Ал анда жана анын балдарынын канында да казактын каны бар экенин, улуу баласынын балдары да жарым-жартылай казак экенин белгиледи.

"Кыргыздардын көбү ушундай. Казактын талаасы ыйлаганда, анын ыйы кыргыз тоолорунда да жаңырат. Казактар биздин бир тууганыбыз! Биз силерди жакшы көрөбүз! Силерге боор тартабыз! Силердин кайгы - биздин кайгы! Бул каргашалуу күндөрдө жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылгыла! Кудайым силерди сактасын!" - деп мурунку өлкө башчысы сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5320