Ошто биринчи класстын окуучусу ручканын капкагын жутуп алып каза болду
RU

Ошто биринчи класстын окуучусу ручканын капкагын жутуп алып каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто биринчи класстын окуучусу каза болду. Ал ручканын капкагын жутуп алган. Маалыматты шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Юсупова тастыктады.

Алдын ала берилген маалымат боюнча окуя 26-январда, №48-мектепте болгон.

"Апасы биринчи класстагы баласын тосуп алганы мектепке келет. Ал курткасын кийип жаткан маалда оозуна ручканын капкагын салып алган. Мектептин директору жана мугалими да окуя болгон жерде бар болчу. Бирок ага эч ким жардам бере алган жок. Окуучу тез жардам менен ооруканага баратканда үзүлгөн. Баланын ата-энеси мектепке жана мугалимдерге доосу жок экенин айтышкан. Кечээ окуучуну жерге беришти", - деп Юсупова айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5329