ЖККУнун катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотууга чакырды
RU

ЖККУнун катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась тажик жана кыргыз тараптарды чек арасындагы ок атышууну токтотууга чакырды. Бул билдирүү ЖККУнун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Станислав Зась Тажикстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн коопсуздук кеңештеринин катчылары Насрулло Махмудзода жана Марат Иманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Чек арадан кайрадан кагылышуу башталганы, ушуга чейин жаракат алгандар бар экени олуттуу кабатырлануу жаратат. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу тиреш дароо токтотулушу керек. Келишпестиктерди үстөлгө олтуруп, тынчтык сүйлөшүүлөр арылуу чечүү зарыл. ЖККУ чатакты чечүү үчүн Кыргызстанга жана Тажикстанга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр. ЖККУнун мүчөлөрү – эки мамлекеттин жетекчилиги тең чек арадагы оор маселени жөнгө салуу үчүн орток пикир табат деп ишенем",-деп билдирди ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась.

Бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди. Өз кезегинде УКМК Тажикстан Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу талабын аткарбай жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5344