Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 11ге жетти
RU

Чек арадагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 11ге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 11ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.

Маалым болгондой, жабыркагандардын абалы орто оор.

"Баткен облустук биргелешкен ооруканасына бардыгы болуп 11 адам госпитализцияланды. Жабыркагандардын абалы орто оордукта. Бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат", - дешет маалымат кызматынан.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Тажиктер жактан 17 адам жараат алганы бейрасмий кабарланды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5345