Садыр Жапаров чек-арадагы кырдаал боюнча: Кабатыр болбой тургула
RU

Садыр Жапаров чек-арадагы кырдаал боюнча: Кабатыр болбой тургула

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 28-январда, саат 03:00дө кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча чакан билдирүүнү Facebook'тагы расмий баракчасы аркылуу таратты.

"Урматтуу Кыргызстандыктар!

Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап, толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баарын тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула. Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан ММКларга жана саясатчыларга ишенбегиле", - деп президент жазган.

27-январда болжол менен саат 18:30да, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагындагы кырдаал курчуган. Тажикстандын чек арачылары Баткен - Исфана жолун бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча тжик аскерлери миномёт жана гранатомётторду колдонгон.

28-январда, саат 04:10до тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ок атышуу толук токтотулду, деген билдирүү таратылды. Баткен - Исфана жолу ачылып, конфликтти алдын алуу максатында чек ара райондору биргеликте көзөмөлдөнөт.

28-январдын таңына карата, чек арадагы кырдаал тынч, деп чек ара кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5346