Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берди
RU

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-январда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келген.

Анын айтымында, кечээки чек арадагы ок атышуудан Кыргызстандын 11 аскер кызматкери жабыркады.

Саат 11:00го тажик тарап менен жолугушуу белгиленген. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө, деп белгиледи.

Ташиев чек арадагы абал туруктуу, деп билдирди.

27-январда болгон инцедент боюнча, чек арада комиссия түзүлүп, себептери аныкталып, кыргыз тарапка келтирилген кесепеттер эсептелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5349