Андрей Грозин: Тажикстан Кыргызстан менен конфликтке барууга даярданган
RU

Андрей Грозин: Тажикстан Кыргызстан менен конфликтке барууга даярданган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт Бишкек менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү тездетүу аракети болушу мүмкүн. Товарларды блокко салуу саясатын кайра карап чыгууну талап кылуу, анткени Тажикстан андан көз каранды.

Мындай пикирин Regnum басылмасына КМШ өлкөлөрү институтунун Казакстан жана Орто Азия бөлүмүнүн жетекчиси Андей Грозин билдирди.

"Тажикстан Кыргызстанды ачык эле конфликтке барууга түртүп жатат деген жерим жок. Бирок буга чейинки инциденттер көрсөтүп жаткандай, тараптардын бири бул конфликтке алдын ала даярдык көргөнү байкалып турат", - деди ал.

Эксперттин айтымында, Кыргызстан менен болгон чыр-чатакта Тажикстандын аскер бөлүгү эмес чек арачылары катышты.

"Бул олуттуу ошол эле учурда кызыктуу фактор, өзгөчө, адатта чек арачылар колдонбой турган миномёттордун колдонулганын эске алсак. Балким, тажик чек арачыларынын курал жарагын мыктылоо жүрүп жаткандыр. Бирок бул эл аралык тажрыйбага каршы келет", - деп эксперт баса белгиледи.

Грозиндин айтымында, ар бир мамлекет өзү каалаганындай чек ара кызматкерлерин курал-жарак менен камсыздайт. Адатта аларда жеңил ок атуучу куралдар гана болот.

"Себеби, чек арачыларда каршылашы менен пикир келишпестиктер жаралган учурда олуттуу конфликтке алып келүүчү потенциал болбоого тийиш", - деп түшүндүрдү.

Грозин мисал катары Кытай менен Индияны келтирди.

"Кытайлыктар менен индустардын мамилелерин карап көргүлө. Чыр чыкканда алар бирин-бири таяк менен сабап, таш менен ургулашат. Эч качан миномёт колдонулбайт. Бул Пекин өзүнүн чек арачыларын тиешелүү курал жарак, гранатомёт, миномёт менен камсыздай албайт дегендик эмес. Алар биздин түшүбүзгө да кирбеген курал жаракты эбак даярдап коюшкан. Болгону, конфликт өрчүп кетпесин деген максатта чек арачылар олуттуу курал жарак менен каамсыздалбайт", - деп эксперт баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5357