Спорт чеберлеринен Жапаровдун инаугурациясына кимдер катышты?
RU

Спорт чеберлеринен Жапаровдун инаугурациясына кимдер катышты?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-январда филармонияда Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Келген коноктордун арасында саясатчылар, чинвниктер, депутаттар, аскер кызматкерлери, ар кайсы өлкөлөрдүн элчилери жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүн болушту.

Инаугурация аземине күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, кесиптеши Мээрим Джуманазарова жана Айпери Медет кызы да катышышты.

Келгендердин катарында жөө күлүк Дарья Маслова да болду.

Андан тышкары 2008-жылдагы Олимп оюндарындагы грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси, Канат Бегалиев да келди.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон улам бул иш чарага ММА мушкери Канат Келдибеков да катышканы белгилүү болду. Ал Тайсон каймана аты менен элге көбүрөөк таанымал. Белгилей кетчү жагдай, Канат Келдибеков спорт майданында көзгө басаарлык ийгиликтерге деле жетишкен эмес, бирок былтыркы жылдагы октябрь окуяларынын актвидүү катышуучусу болгону көпчүлүккө маалым.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/535