Мыкты күзөт кызматкерлери ардак грамоталары менен сыйланды
RU

Мыкты күзөт кызматкерлери ардак грамоталары менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери иш жүзүндө мыкты кызмат көрсөткөндүгү үчүн "Ардак грамоталары" менен сыйланышты. Мындай маалымат менен ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз бөлүмү бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги 2021-жылдын аралыгында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коомсуздукту сактоодо жана кайтарууда турган мекемелерди сактоодо, бөлүмгө зор салымын кошкон кызматкердерди "Ардак грамота" менен сыйланышты.

Иш-чарага Күзөт кызматынын борбордук аппаратынын Кызматтык жана техникалык бөлүмүнүн начальниги Абышкаев Талант жана Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги Момбеков Алмаз Анаркулович катышты. Алар өздүк курамга жылуу сөздүрүн айтып, ийгилик каалашты, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5385