Камчыбек Ташиев Лейлек анклавга айланышы мүмкүн деген маалыматка комментарий берди
RU

Камчыбек Ташиев Лейлек анклавга айланышы мүмкүн деген маалыматка комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – вице-премьер-министр Камчыбек Ташиев Лейлек анклавга айланышы мүмкүн деген маалыматка комментарий берди.

Анын айтымында, 39-протокол боюнча айрым саясатчылар, депутаттар жана блоггер эмес адамдар туура эмес маалымат таратуу менен ызы-чуу жаратууда.

"Лейлек анклав болуп калышы мүмкүн деген маалымат таралууда. Эч качан андай болбойт. Мунун баары жалган маалымат. Протоколго кол койгондо аны ишке ашыруунун бардык механизмдерин иштеп чыкканбыз. Ворухка жол ачыш үчүн, биринчиден, ошол жолдун статусун аныктап чыгуу керектиги протоколдо жазылган. Адегенде анын статусун аныкташ керек. Жолдун статусу мамлекеттер аралык келишимдин негизинде гана аныкталат, анда жол кимдики болуш керек, кандай болуш керек, ким салыш керек, узундугу канча болуш керек деген сыяктуу маселелер каралат. Андан кийин гана чечим кабыл алынат. Лейлекке эки жол түшөт: Ак-Сай - Рават жана Төрт-Көчө тилкеси аркылуу", - деди Ташиев.

Ворухка кеткен жол ушул айыл аркылуу өткөндүктөн, Ак-Сай айылынын тургундарынын коопсуздугу эң негизги маселе. Ак-Сай айылынын батыш тарабындагы Бакай участогундагы жолдун сакталышы Ак-Сай айылынын кеңейүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Анткени айылдын бир тарабында дарыя агып, бир жагынан жол өтөт. Ак-Сай кеңейиши керек, элге шарт түзүлүп, үйлөрдү куруш керек. Мунун баары ушуга байланыштуу.

"Кандай болгон күндө да биз Ворухка жол беришибиз керек. Анткени ал жакка эл каттайт. Эч кандай талаш-тартышы жок чечилиши абзел", - деди УКМКнын башчысы.

Ал быйыл Рават-Ак-Сай жолуна асфальт төшөлөөрүн баса белгиледи.

Ошондой эле Ташиев кыргыз-тажик чек арасы качан делимитацияланат деген суроого жооп берүүдө айрым кыйынчылыктарды белгиледи. Бирок, анын айтымында, бул ишке ашмайынча чыр-чатактар ​​улана берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5389