Чек ара тургуну аны башка жака көчүрүүнү суранды
RU

Чек ара тургуну аны башка жака көчүрүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакциясына Баткен облусунун Ак-Сай районундагы Таш-Тумшук айылынын тургуну Икрамбай Мырзаев кайрылды. Ал бийликтен аны башка жерге көчүрүп кетүүнү суранууда.

Ал беш баласынын өмүрүнө кабаатыр болгонун айтып, өз үйүндө тура албастыгын белгиледи.

"Улуу балам 8-класс, кичүүсү 1ге чыгат. Алар азыр коопсуз жерде, бирк үйгө кайтып келгенден коркушат. Тегерегибизде жалаң тажикстандыктар жашашашат. Өз дарбазаман көчөгө чыга албай калдым. Анткени коңшуларыбыз анын ордуна забор тургузушат экен. Буга чейин бир кыргыз кошунам бар эле, ал да кетип калды", - деп Мырзаев арызданды.

Чек арадагы акыркы конфликт учурунда Икрамбай Мырзаев малсыз калды. Ага чейин эки уй анан койлору бар болчу.

"Мен биринчи топтогу майыпмын, буга чейинки кагылышуулардан да жабыркагам. Үй бүлөм менен губернаторго кайрылганбыз, бирок жооп ала албадык. Ошондуктан президентке жана Камчыбек Ташиевге кайрылгым келип турат. Бизди башка жерге көчүрүп кеткилечи", - деп суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5397